Газада каза болгондордун саны 26 миңден ашты

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги бул темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2093828
Газада каза болгондордун саны  26 миңден ашты

Израиль армиясынын 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында шейит болгон палестиналыктардын саны акыркы 24 саатта 183 кишиге көбөйүп, 26 миң 83кө жетти.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги бул темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газадагы палестиналыктардын үйлөрүнө 19 жолу кол салганы белгиленди.

Израилдин кол салууларында каза болгондордун саны 183кө өсүп 26 миң 83, жаралуулардын саны 64 миң 487ге жеткени белгиленди.

Кол салуулардан улам көп сандаган кишинин азыр да  урандылардын астында экени, жарандык коргонуу жана чукул медициналык жардам топторунун бул адамдарга жетүүдө кыйынчылык жаратып жатканы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар