Лавров : "АКШ Түркияны Монтре келишими боюнча көндүрө албайт"

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Түркияны Кара деңиздеги навигация эрежелерин өзгөртүүгө жана аскердик кемелердин кысыктар аркылуу Кара деңизге киришине ынандыра албасын айтты.

2093512
Лавров : "АКШ Түркияны  Монтре келишими боюнча көндүрө албайт"

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Түркияны Кара деңиздеги навигация эрежелерин өзгөртүүгө жана аскердик кемелердин кысыктар аркылуу Кара деңизге киришине көндүрө албасын айтты.

АКШнын Эл аралык коопсуздук иштери боюнча жооптуу Коргоо министринин кеңешчиси  Селесте Уолландердин АКШнын Түркиядан Кара деңизде навигация эрежелерин бираз катаалдаштыруусун талап кыла турган билдирүүсүнө баа берген Лавров түрк жетекчилеринин айткандарына карала турган болсо : "Мында ийгиликтүү болот деп ойлобойм",- деди.  

Ошол эле учурда Түркия аскердик кемелердин кысыктар аркылуу Кара деңизге киришине уруксат бербөө боюнча позициясынан баш тартпайт.

1936 - жылы кол коюлган Монтре кысыгы конвенциясы соода кемелеринин Стамбул жана Чанаккале кысыктары аркылуу өтүүсүн жөнгө салып, согуш учурунда гана өтүүсүн чектейт. Келишимге ылайык, Кара деңиз жээктеш болбогон өлкөлөрдүн аскердик кемелери Кара деңизде үч жумадан ашык боло албайт.

Өзгөчө кырдаалдарда Түркия аскердик кемелердин кысыктардан өтүшүн чектөөгө же тыюу салууга укуктуу.

Түрк жетекчилери 2022 - жылдын 24 - февралында Россия  - Украина согушу башталгандан бери Монтре кысыгы конвенциясына ылайык, Кара деңизге бир дагы аскердик кеменин өтүшүнө уруксат бербегенин бир нече жолу билдирген.

 



Тектеш кабарлар