Бразилияда кеме чөктү
Окуяда 8 киши каза болду.
2092891
Бразилиянын түндүк - чыгышындагы Бахия штатында жүргүнчүлөрдү ташыган кеме оодарылып, 8 киши каза болду.
Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын билдирүүсүндө, Тодос-ос-Сантос булуңунда бараткан жүргүнчү кемесинде ашыкча киши болгондуктан оодарылгандыгы билдирилди.
Маалыматта окуяда 8 кишинин каза болгону, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин уланып жаткандыгы маалымдалды.
Бразилия басма сөзүндө орун алган кабарда жүргүнчүлөрдү ташыган кемеде чыр - чатактын чыккандыгы жана кеменин ушул себептен оодарылганы, каза болгондордун санынын көбөйүшүнө байланыштуу кооптонуулардын бар экендиги бөлүшүлдү.
Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.