Израиль Дамаскка абадан кол салды

Сириядагы маалымат агенттиги САНАнын кабарында Израилдин Меззе аймагында бир жарандык отурукташуу жерин бутага алгандыгы айтылды.

2091180
Израиль Дамаскка абадан кол салды

Израилдин Сириянын борбор шары Дамасктын Меззе аймагына абадан кол салуу жасагандыгы билдирилди.

Сириядагы маалымат агенттиги САНАнын кабарында Израилдин Меззе аймагында бир жарандык отурукташуу жерин бутага алгандыгы айтылды. 

Режимге жакын Дамаск ФМнин кабарында атылган имараттын Исламдык жихат кыймылы менен байланышынын жок экендиги, Исламдык жихат кыймылынын  башкы катчысынын ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди. 

Израиль жарандык согуш башталган  2011 -  жылдан бери Сирияда кээ кээде Иран колдогон топторго жана Сирия армиясына таандык аскердик пункттарга кол салуулар болууда. 

 



Тектеш кабарлар