Израиль газа тилкесине дары - дармектерди өткөрө баштады

Катардын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мажид аль-Ансари X эсебинен бул тууралуу маалымат берди.

2090093
Израиль газа тилкесине дары  - дармектерди өткөрө баштады

Израиль менен Хамастын ортосундагы келишимдин негизинде Газа тилкесине дары жана жардам өткөрө баштады. 

Катардын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мажид аль-Ансари X эсебинен бул тууралуу маалымат берди. 

Ансари  билдирүүсүндө : «Израилдик туткундар да болгон Газа тилкесиндеги жарандардын кызыкчылыгы үчүн кечээ жарыяланган келишимди ишке ашыруунун негизинде дары жана жардамдар Газа тилкесине",- деп айтылды. 

Катар кечээ Израиль менен Хамастын ортосунда Газадагы тткундарга дарыларды  өткөрүү менен аймактагы жарандарга дары жана гуманитардык жардамдардын киришин камтыган келишимдин түзүлгөндүгүн жарыялаган.

Катардын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда министрликтин катчысы Мажид аль-Ансари Газа тилкесиндеги изриалдик туткундар муктаж болгон дары  - дармектерди, Газа тилкесиндеги жарандарга өзгөчө да эң көп таамирленген, зыян тарткан аймактарга дарылардын кириши жана гуманитардык жардамдардын  жеткирилиши үчүн  Хамас менен Израилдин ортосунда бир келишимдин түзүлгөндүгүн белгилеген. 

Израиль армиясынын билдиргенине караганда Газа тилкесинде азыр да  136 израилдик туткун бар. 

Катар менен Египеттин ортомчулугунда Газадагы кагылышууларды  24 -  ноябрда 4 күнгө берилген жана андан кийин 3 күнгө дагы узартылган "гуманитардык тыныгууда" 81 израилдик жана  240 палестиналык туткун өз ара бошотулган. 

 



Тектеш кабарлар