Видео оюндарынын кулакка зыяны

Изилдөөнүн чоо-жайы "BMJ Public Health" журналында жарыяланды.

2090007
Видео оюндарынын кулакка зыяны

Узак убакыт бою видео оюндарды ойногон адамдарда угуунун начарлашы жана кулактын чуулдашы коркунучу жогорураак болот.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Швейцария, Кытай жана Австралиядан изилдөөчүлөр дүйнө жүзү боюнча болжол менен 54 миң чоң кишилерди жана балдарды камтыган жалпысынан 14 изилдөөнү карап чыгышты.

Алар натыйжалардын негизинде видео оюндар менен угуунун начарлашынын ортосундагы байланышты көрсөткөн изилдөө жүргүзүштү.

Изилдөөчүлөрдөн аудиолог жана эпидемиолог доктор Лорен Диллард: «Изилдөөлөр көрсөткөндөй, видео оюндарды узак убакыт ойногон адамдардын угуу начарлоосу жана кулактын чуулдоосу (ойнобогондорго салыштырмалуу) жогорураак болот»,- деди.

Катуу ызы-чууга дуушар болуу кулактагы сезүү клеткаларын чарчатканын, мунун угууга терс таасирин тийгизгенин белгилеген Диллард: «Бул убактылуу угуунун жоголушуна же кулактарда шуулдоого алып келиши мүмкүн. Үнгө үзгүлтүксүз же узак убакытка дуушар болуу да угууну туруктуу жоготууга алып келет»,- деп айтты.

Изилдөөнүн чоо-жайы "BMJ Public Health" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар