Израилдин Газага карата кол салуулары

Израилдин Газа тилкесине  7 -  октябрдан бери   болуп келе жаткан кол салууларда  каза болгон палестиналыктардын саны  24 миң  448ге, жаралуу саны  61 миң  504кө жетти.

2089869
Израилдин Газага карата кол салуулары

Израилдин Газа тилкесине  7 -  октябрдан бери   болуп келе жаткан кол салууларда  каза болгон палестиналыктардын саны  24 миң  448ге, жаралуу саны  61 миң  504кө жетти. 

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израиль кол салууларында акыркы  24 саатта  163 кишинин каза болгондугу жана  305 кишинин да жаралангандыгы белгиленди. 

Кол салуунун натыйжасында болгон кыйроодон улам көп кишинин уранды астында экендигине көңүл бурулуп,  жарандык коргонуу жана медициналык топтордун аларга  жетүүдө кыйынчылык тарткандыгы билдирилди. 

Израилдин  2023 -  жылдын  7 -  октябрда Газа тилкесине карата башталган кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны  24 миң  448ге, жаралуулардын саны  61 миң  504кө жеткени маалымдалды. 

Бир тараптан Израиль армиясы түнү менен Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында Насыр ооруканасынын айланасын катуу бомбалоону улантты. 

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал - Кассам бригадалары 2023  - жылдын  7- октябрында «Палестиналыктарга жана ыйык баалуулуктарга, өзгөчө Месжид-и Аксага каршы тынымсыз эреже бузууларга жооп берүү» деген негиз менен Израилге кеңири кол салуу баштаган.

Израиль  7 - октябрдагы кол салууларда 1200 израилдиктин каза болгондугун,   5132нин кишинин жаракат алганын жарыялады. Израиль армиясы Газа тилкесине кол салуулар башталган 7 - октябрдан бери 524 аскеринин өлтүрүлгөндүгүн кабарлады. 

Израиль да Хамастын "Акса топону" операциясына каршы Газага "Темир  кылычтар" операциясын баштады. 

 



Тектеш кабарлар