БУУнун Коопсуздук кеңеши дагы бир жолу Газа күн тартиби менен чогулду

Алжирдин талабы боюнча Израиль тарабынан Газада мажбурлоо менен жер которгон палестиналыктардын абалы тууралуу отурум өткөрүлдү.

2088221
БУУнун Коопсуздук кеңеши дагы бир жолу Газа күн тартиби менен чогулду

Алжирдин талабы боюнча Израиль тарабынан Газада мажбурлоо менен жер которгон палестиналыктардын абалы тууралуу отурум өткөрүлдү.

Жыйында кеңештин мүчөлөрү дагы бир жолу Газа калкынын мажбурлоо менен жер которуусуна каршы чыгышты.

Отурумда сөз сүйлөгөн БУУнун Гуманитардык иштер боюнча жооптуу баш катчынын орун басары Мартин Гриффитс Газада абалдын коркунучтуу экендигин айтты.

Газада саламаттыкты сактоо системасынын кыйрап жаткандыгын баса белгилеген Гриффитс Израиль армиясынын гуманитардык жардам объекттерин бутага алганын белгиледи.

Гриффитс : «Газанын демографиялык түзүлүшүн өзгөртүүгө карата аракеттер четке кагылышы керек»,-деди.

Британиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Барбара Вудворд да : «Газа калкын күч менен көчүрүү мүмкүн эмес» деп баса белгиледи.

Америка Кошмо Штаттарынын  Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд : «Газадагы  жарандар шарттар болгондо үйлөрүнө кайта алышы керек»,-деди.

Палестинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Рияд Мансур Палестина элинин эч кайда кетпей турганын айтты.

Мансур АКШ менен  Британиянын хусилерге каршы операциясына токтолуп :"Палестиналык балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн да кеме жолдорун коргоого көрсөтүлгөндөй шашылыштын көрсөтүлүшүн каалайбыз»,- деди.  



Тектеш кабарлар