Японияда болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны көбөйүүдө

Япониянын батышындагы Исикава провинциясында жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 215ке жетти.

2087842

Ишикава штатынын губернаторлугунан жасалган билдирүүдө айдын алгачкы күндөрү болгон бир нече жер титирөөдө каза болгондордун саны 215ке жеткени билдирилди.

Билдирүүдө 4 миң 100дөн ашуун имараттын зыянга учураганы, 24 миңден ашуун кишинин эвакуация пункттарында калганы, 2 миң 500 кишинин жолдо калгандыгы белгиленди.

Жер титирөөдө жараланган  527 кишинин дарыланып жаткандыгы билдирилген маалыматта кабар алына албай жаткан 38 кишини издөө иштеринин улантылып жаткандыгы билдирилди. 

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматына ылайык, 1 -5 - январь аралыгында Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде күчү 5-7 баллга жеткен көптөгөн жер титирөөлөр болгон.

Тектеш кабарлар