Германия Сауд Арабияга 150 даана Iris-T ракетасын берет

Германиянын Федералдык коопсуздук кеңеши 2023-жылдын аягында 150 Iris-T ракетасын экспорттоого уруксат берди.

2087056
Германия Сауд Арабияга 150 даана Iris-T ракетасын берет

Германиянын Сауд Арабияга 150 даана Iris-T ракетасын бере турганы айтылды.

Spiegel журналынын интернет сайтында орун алган кабарга караганда, Германиянын Федералдык коопсуздук кеңеши 2023-жылдын аягында 150 Iris-T ракетасын экспорттоого уруксат берди.

Мындай чечимди канцлер Олаф Шольц жана коопсуздук министрлери Рождество майрамынын алдында кабыл алышты.

Экономика министрлиги ракеталык келишимди Федералдык парламенттин Экономикалык иштер комитетине жөнөткөндөн кийин өндүрүүчү Diehl Defence, Сауд Арабияга буйрутмаланган куралдарды жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Бул чечим менен Германия өкмөтү узак убакыттан бери биринчи жолу немис аскердик техникасынын Эр-Риядга экспорттолушуна уруксат берди.

Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт борбор калаа Берлиндеги билдирүүсүндө, жеткирүүгө уруксат берилгенин ырастап: «Бул Экономика жана климатты коргоо министрлигинин тапшыруусу. Бул Украинадагы "Ирис-Т" сыяктуу эмес. Булар абадан абага учуучу (учактардан) ракеталар»,-деди.

Iris-T ракеталары орто аралыкка учуучу абадан абага тактикалык чабуул жана жерден абага коргонуу ракеталары катары колдонулушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар