Исмаил Ханиййе Израилдин максатын ишке ашыра албагандыгын айтты
Исмаил Ханиййе Катардынн борбор шаары Дохада өткөн Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдигинин 6 - жалпы жыйынында сөз сүйлөдү
Хамастын саясий бюро башчысы Исмаил Ханиййе Израилдин жасаган кыргындарына карабастан Газага карата кол салууларында эч бир максатын ишке ашыра албагандыгын айтты.
Исмаил Ханиййе Катардынн борбор шаары Дохада өткөн Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдигинин 6 - жалпы жыйынында сөз сүйлөдү. Израилдин Газага жасаган кол салуулар менен Хамасты жок кылууну, туткундарын куткарууну жана палестиналыктарды көчүүгө мажбурлоону пландагандыгын айткан Ханиййе : "Израиль газада жасаган кыргындарына карабастан эч бир максатын ишке ашыра албады",- деди.
Кол салуулардан бери 100 күн өткөнүнө карабастан Израиль чагындоосу батыштык союздаштары жана Газа аркылуу учкан учкучсуз учуу аппараттарынын бир дага туткунду куткара албагандыгын айткан Ханиийе туткундардын тирүү куткарылышынын Израиль абактарындагы бардык туткундардын бошотулушуна караштуу экендигин белгиледи.
Исмаил Ханиййе Израилдин мажбурлоо менен көчүрүү пландарына да токтолуп : "Палестина элинин каршылык көрсөтүүсү жана жерине болгон берилгендигинин натыйжасында бул максаттар да ишке ашпады, согуш учурунда тышта калган Газа эли ичкери кирди бирок ичиндегилер тышка чыккан жок",- деди.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.