Еврей оккупанттар палестиналыктардын зайтундарын уурдады

Оккупациядагы Палестина жерлеринде иш алып барган Израилдин укук коргоо уюму "Йеш Дин" X социалдык платформасында билдирүү жасады.

2086299
Еврей оккупанттар палестиналыктардын зайтундарын  уурдады

Батыш Шериада еврей отурукташуучулар палестиналыктардын зайтундарын уурдашты.

Оккупациядагы Палестина жерлеринде иш алып барган Израилдин укук коргоо уюму "Йеш Дин" X социалдык платформасында билдирүү жасады.

Билдирүүдө Батыш Шерианын түндүгүндөгү Авартада Ытамар еврей отурукташуу жеринен 2  еврей отурукташуучунун бул аймакта палестиналыктарга таандык зайтундарды уурдагандыгы белгиленди. Уюм өзгөчө бул тууралуу видео да жарыялады.

Видеодо унаасын жол жээгине токтоткон 2 кишинин бул жердеги бакчадан  зайтун терип жатканын көрүүгө болот.



Тектеш кабарлар