Иран Орусияга нааразылык нотасын жөнөттү

Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, элчи жокто министрликке чакырылган Орусиянын убактылуу ишенимдүү өкүлүнө Тегерандын нааразылык нотасы тапшырылды.

2080119
Иран Орусияга нааразылык нотасын жөнөттү

Иран өз көзөмөлүндөгү жана Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) да эгемендүүлүккө ээ болгонун айткан Перс булуңундагы үч арал тууралуу биргелешкен билдирүүгө жооп иретинде Орусиянын Тегерандагы убактылуу ишенимдүү өкүлүн Тышкы иштер министрлигине чакырды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, элчи жокто министрликке чакырылган Орусиянын убактылуу ишенимдүү өкүлүнө Тегерандын нааразылык нотасы тапшырылды.

Билдирүүдө,«Перс булуңундагы үч арал Иранга таандык  жана бул маселе боюнча эч бир тараптын кандайдыр бир дооматы кабыл алынгыс»,-деп айтылды.

Орус дипломаты болсо Ирандын каршылыгын Москвага мүмкүн болушунча тез арада билдирерин билдирди.

20-декабрда Мароккодо өткөн 6-орус-араб форумунан кийин жарыяланган биргелешкен билдирүүдө, «БАЭ менен Ирандын ортосундагы Чоң Тунб, Кичи Тунб жана Абу Муса аралдарына байланыштуу талаш эл аралык укуктун алкагында жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бардык тынчтык аракеттерди колдоо» баса белгиленген.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин 21-декабрдагы билдирүүсүндө, Тегерандын сөз болгон үч арал боюнча «эгемендиги сүйлөшүүгө ачык эмес» деп айтылган.

Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян менен орусиялык кесиптеши Сергей Лавров бул маселе боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.



Тектеш кабарлар