Израилде аэропорттун 600 кызматкери акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылды

Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын кабарына караганда борбор шаар Тель Авивдеги Бен Гурион аэропорту Газага жасалган кол салуулар менен чоң экономикалык соккуга учурады.

2078410
Израилде аэропорттун  600 кызматкери акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылды

Израилдин Бен Гурион аэропортундагы 600 кызматкер Газага кол салуулар алып келген экономикалык кыйынчылыктардан улам акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылды.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын кабарына караганда борбор шаар Тель Авивдеги Бен Гурион аэропорту Газага жасалган кол салуулар менен чоң экономикалык соккуга учурады.

Бул алкакта Израилдин аэропорттор башкармалыгы аэропорт кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүп, түрдүү чечимдерди билдиргендиги кабарланды.

Буга ылайык 600 кызматкредин акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылгандыгы, 1000 кишилик жумуш орнудугун  25 пайызга 

кыскартып, толук эмес жумуш убактысына өтүү чечими кабыл алынганы белгиленди.

Газага кол салуулар башталган 7 - октябрдан бери көптөгөн эл аралык авиакомпаниялар Израилдин аэропортуна жана андан кетүүчү каттамдарын токтотту же кыскартты.

 



Тектеш кабарлар