БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Газа жыйыны кечеңдетилди

Бириккен Араб Эмирликтери тарабынан добуш берүүгө сунушталышы пландалган Газа долбоору боюнча мүчө өлкөлөр келише алган жок.

2078342
БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Газа жыйыны кечеңдетилди

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газа чечим долбооруна добуш берүү үчүн  бир орток пикирге келинген жок.

Мүчөлөр ортосунда бир пикирге келе албагандыктан добуш берүү бүгүнкүгө жылдырылды.

Коопсуздук Кеңешинде Израилдин Газадагы кыргынын токтотуу жана гуманитардык жардамды көбөйтүү үчүн добуш берүүсү күтүлүп жаткан.

Бириккен Араб Эмирликтери тарабынан добуш берүүгө сунушталышы пландалган Газа долбоору боюнча мүчө өлкөлөр келише алган жок.

Чечим долбооруна добуш бериле турган жыйын келишпестиктен улам бүгүнкүгө жылдырылды.

АКШнын «кагылышуулардын акырына чыгарылышы» деген сөзүнө  өзгөртүүнүн киргизилиши каалануусу менен  добуш берүүнүн  мүмкүн болбогону белгиленди.

Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн бири болгон АКШ  8 - декабрда Газада “дароо гуманитардык ок ​​атышууну” талап кылган мурдагы чечимге да  вето койгон.

 



Тектеш кабарлар