Гебреисус: «Газадагы 36 оорукананын сегизи гана жарым-жартылай кызмат көрсөтүүдө»

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус Х социалдык медиа платформасынан билдирүү жасады.

2077459
Гебреисус: «Газадагы 36 оорукананын сегизи гана жарым-жартылай кызмат көрсөтүүдө»

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус Газадагы 36 оорукананын сегизи гана жарым-жартылай кызмат көрсөтөөрүн билдирди.

Гебреисус Х социалдык медиа платформасынан жасаган билдирүүсүндө Газанын түндүгүндөгү Шифа ооруканасынын кайрадан миңдеген бейтаптарды тейлөө үчүн операцияларын улантууга аракет кылып жатканын, бирок абал дагы эле укмуш татаал жана башаламан экенин белгиледи.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму жетектеген Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттеринин делегациясы Шифа ооруканасына негизги медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу жана саламаттыкты сактоонун артыкчылыктуу муктаждыктарын баалоо үчүн жеткенин баса белгилеген Гебреисус, оорукананын учурда чектелген травматизмди турукташтыруу жана диализди колдоо кызматтарын көрсөтө алганын айтты.

Шифа ооруканасында хирургиялык кызмат көрсөтүү азырынча мүмкүн эмес экенин айткан Гебреисус: «Бүткүл Газа боюнча саламаттыкты сактоо системасы начар абалда, 36 оорукананын 8и гана жарым-жартылай иштеп жатат. Азык-түлүк жетишсиздиги да өсүп жаткан тынчсызданууну жаратып, Газа тилкесинде ачарчылык күчөп баратат. Катуу ачкачылык ден-соолукка да олуттуу коркунуч туудурат. Газа үчүн жалгыз чечүүчү жол дароо ок атышпоону орнотуу»,-деп айтты.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Кагылышуу күчөп кеткендиктен көбү балдар болгон болжол менен 19 миң палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар