Остин менен кесиптеши Умеров жолугушту

АКШнын Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

2073729
Остин менен кесиптеши Умеров жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин Украинанын коргоо министри Рустем Умеров менен жолугушуусунда өлкөсүнүн Украинага колдоосун дагы бир жолу кайталады.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) билдирүүсүнө караганда, Остин менен Умеров Пентагондо жолугушту.

Жолугушууда Остин Украинанын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн уланып жаткан аракеттерди түшүндүрүп, өлкөсүнүн колдоосун дагы бир жолу билдирди.

Экөө ошондой эле АКШнын Украинага негизинен абадан коргонуу жана артиллериялык ок-дарылардан турган 175 миллион долларлык жаңы кошумча аскерий жардам пакетин жарыялоосун да талкуулашты.



Тектеш кабарлар