Бельгия жана Нидерландияда 6 киши Россияга каршы санкцияларды бузуу менен кармалды

Бельгиянын федералдык прокурорлугу АКШдан алынган чалгындоо кабары боюнча Бельгиянын Кнокке-Хейст жана Эекло,  Голландиянын Роттердам жана Слуис шаарларында бир убакта тинтүү жүргүзүлгөнүн жарыялады

2073185
Бельгия жана Нидерландияда 6 киши  Россияга каршы санкцияларды бузуу менен кармалды

Бельгия жана Нидерландияда 6 киши Россияга каршы санкцияларды бузган деген шектенүү менен кармалды.

Сөз болуп жаткан 6 киши Европа Биримдигинин Россияга киргизген санкцияларын бузуп, тыюу салынган продукцияларды соодалашкан деген негиз менен кармалды.

Бельгиянын федералдык прокурорлугу АКШдан алынган чалгындоо кабары боюнча Бельгиянын Кнокке-Хейст жана Эекло,  Голландиянын Роттердам жана Слуис шаарларында бир убакта тинтүү жүргүзүлгөнүн жарыялады.

Билдирүүдө Бельгияда  4, Голландияда  2 кишинин жана аскердик, жарандык максатта колдонула турган микрочиптер, акселерометрлер жана турбиналык кыймылдаткычтар сыяктуу «сезимтал» материалдарды жана технологияларды экспорттоодо  деген шектенүү менен кармалганы баса белгиленди.

Европа Биримдиги Украинадагы согуштан кийин Россияга каршы  ушул кезге чейин 11 санкция пакетин ишке ашырды. Бул алкакта Россияга карата соода, каржы, энергетика, өнөр жай, технология, транспорт, мунай жана көмүр, кымбат баалуу буюмдар менен алтынды да камтыган кеңири чектөөлөр киргизилген.



Тектеш кабарлар