Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу

30 палестиналык аял жана балдар Израилдин абактарынан бошотулду. Газа тилкесинде болсо израилдик аял жана балдардан турган 10 туткун менен 4 таиланддык Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин конвойуна өткөрүлүп берилди.

2070640
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу

Израиль армиясы, Газа тилкесиндеги "гуманитардык тыныгуунун" бүтөрүнө бир нече мүнөт калганда билдирүү жасап, бул тыныгуунун узартылганын жарыялады.

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «гуманитардык тыныгуунун» канча күнгө узартылганы тууралуу маалымат берилген жок.

Бир тараптан Хамастын жазуу түрүндөгү маалыматында, «гуманитардык тыныгуунун» бир күнгө узартылышына чечим чыгарылганы белгиленди.

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларга 4 күнгө берилип, 2 күнгө узартылган «гуманитардык тыныгуунун» 6-чы күнүндө, 30 палестиналык аял жана балдар Израилдин абактарынан бошотулду. Газа тилкесинде болсо израилдик аял жана балдардан турган 10 туткун менен 4 таиланддык Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин конвойуна өткөрүлүп берилди.

Израиль менен Хамастын ортосунда 24-ноябрда туткун алмашуунун алкагында Газадагы кагылышууларга 4 күндүк «гуманитардык тыныгуу» берилиши үчүн макулдашуу түзүлгөн. Бул келишим андан соң 2 күнгө узартылган.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Чыңалуунун күчөшүндө болжол менен 16 миң палестиналык набыт болду.



Тектеш кабарлар