Түндүк Кореяда биринчи жолу каршы добуш берилди

Йонхаптын Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) маалыматына караганда облус жана райондордо өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоодо 27 миң 858 Түндүк Корея жараны талапкер катары көрсөтүлдү.

2069868
Түндүк Кореяда   биринчи жолу каршы добуш берилди

Түндүк Кореянын жергиликтүү шайлоолорунда 1956 - жылдан бери биринчи жолу каршы добуш берилди.

Йонхаптын Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) маалыматына караганда облус жана райондордо өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоодо 27 миң 858 Түндүк Корея жараны талапкер катары көрсөтүлдү.

Кабарда шайлоого катышуу 99,63 пайыз экендиги белгиленген кабарда белгиленген талапкерге  жактыруу же четке кагуу добуштары колдонулган системада шайлоочулардын 99,91 пайызы “макул”, 0,09 пайызы “каршы” деп добуш бергени белгиленди. 

Райондук жана шаардык кеңештерге талапкерлер үчүн да шайлоонун 99,87 пайызынын маул, 0,13 пайызынын каршы добуш бергени  билдирилди. 

Маалым болгондой, райондук жана шаардык коомдук кеңештерге талапкерлерге шайлоочулардын 99,87 пайызы “макул”, 0,13 пайызы “каршы” деп добуш берген.

Өлкөдө 1956 - жылдан бери биринчи жолу жергиликтүү кеңештерге шайлоодо каршы добуш берилгени жазылды.

Түштүк Кореянын Биригүү министрлигинен атын билдирүүнү каалабаган бир жетекчи : "Бул кадам Түндүк Кореянын элге шайлоодо өз пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берерин көрсөтүү аракети сыяктуу көрүнүүдө,  бирок бул адамдардын добуш берүү укугуна кепилдик бербейт",- деди. 

 



Тектеш кабарлар