Түштүк Африка Израилдин элчилигин жапты

Түштүк Африка парламенти Израиль менен дипломатиялык мамилелерди токтотуу жана бул өлкөнүн Претория элчилигин жабуу жөнүндөгү сунушту көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

2067332
Түштүк Африка Израилдин элчилигин жапты

Түштүк Африка парламенти Израиль менен дипломатиялык мамилелерди токтотуу жана бул өлкөнүн Претория элчилигин жабуу жөнүндөгү сунушту көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Парламенттеги добуш берүүдө түштүк африкалык  248 депутат бул сунушка макулдугун билдирип,  91 депутат каршы добуш берди. 

Сунушта Израиль менен дипломатиялык мамилелерди токтотуу жана Израилдин Преториядагы элчилигин жабуу сунуш кылынды.

Туштук Африкадагы оппозициялык Экономикалык эркиндик учун күрөшүүчүлөр  (EFF) тарабынан парламентке киргизилген сунушту бийликтеги Африканын улуттук конгресси (АНК) да колдоду.

Израиль башкаруусу добуш берүүнүн алдында түштүк африкалык жетекчилердин Газага карата кол салуулар тууралуу жасаган билдирүүлөрүнө каршы Претория элчиси Еливан Белоцерковскийди кеңешүү үчүн чакырганын жарыялады.

Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса кечээ БРИКС (Бразилия, Россия, Индия, Кытай) лидерлери менен өткөн жолугушуусунда Израилдин Газага жасаган кол салууларында эл аралык мыйзамдарды ачык бузганын жана согуш кылмышын кылганын белгилеп, эл аралык коомчулукту бул кырдаалды жөнгө салууга үндөдү. Палестинадагы кагылышуулардын ​​адилеттүү жана тынчтыкчыл түрдө чечүүгө карата чукул жана конкреттүү кадамдарды жасоого чакырды.

 



Тектеш кабарлар