Армения ЖККУдан жардам талаптарын кайтарып алды

Белта агенттигинин маалыматына ылайык, Минскиде Беларус президенти Александр Лукашенко менен жолуккан ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов Ереван буга чейин уюмдан жардам сураганын жана маселе каралып жатканын билдирген.

2066607
Армения ЖККУдан жардам талаптарын кайтарып алды

Армениянын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан (ЖККУ) жардам талаптарынын күн тартибинен алып салуу өтүнүчү менен кайрылганы маалымдалды.

Белта агенттигинин маалыматына ылайык, Минскиде Беларус президенти Александр Лукашенко менен жолуккан ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов Ереван буга чейин уюмдан жардам сураганын жана маселе каралып жатканын билдирген.

Тасмагамбетов: «Бирок армян тарап бул чечимге кызыгуусун жогото баштады. Жада калса алар бул маселени ЖККУнун күн тартибинен алып салууну каалашты»,-деди.

Лукашенко Армения-Азербайжан жаңжалынын аяктаганын да белгилеп: «Келечекти ойлоно турган учур келди. Оң процесс байкалууда. Ал аймакта гана эмес, жалпысынан мурдагы советтик аймакта»,-деп айтты.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян мурунку күндөрү Лукашенкого телефон аркылуу байланышып, 23-ноябрда Минскиде өтө турган ЖККУнун саммитине катышпай турганын билдирген.



Тектеш кабарлар