Түштүк Корея менен АКШ биргелешкен деңиз машыгуусун баштады
Чыгыш деңизинде кечээ башталган машыгуунун 4 күнгө созула турганы кабарланды.
Түштүк Корея менен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Түндүк Кореянын коркутууларына каршы биргелешкен деңиз машыгуусун баштады.
Түштүк Кореянын Деңиз күчтөрүнүн билдирүүсүндө, Чыгыш деңизинде кечээ башталган машыгуунун 4 күнгө созула турганы кабарланды.
Билдирүүдө машыгууга Түштүк Кореянын деңиз флотунан 10 согуштук кеме, «ROKS Seoae Ryu Seong-ryong» эсминеци жана АКШнын деңиз флотунан «Рафаэл Пералта» эсминецинин катышканы белгиленди.
Кемелерден тышкары Түштүк Кореянын суу астындагы кемелерге каршы колдонулган P-3 үлгүсүндөгү согуштук учагы, F-15K жана FA-50 согуштук учактары, АКШнын болсо А-10 үлгүсүндөгү чабуул учактарынын машыгууга катышканы маалымдалды.
Билдирүүдө бөлүктөрдүн «душмандын суу астында жүрүүчү кемелерин издөө, жок кылуу» жана «атайын бөлүктөрдүн отряддарына» жооп кайтаруу стратегиялары боюнча машыкканы айтылды.