Жо Байден менен Аль Тани сүйлөшүү өткөрдү

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, президент Байден менен Катардын эмири Шейх Тамим телефондук сүйлөшүүсүндө Газадагы абалды талкуулашты.

2063563
Жо Байден менен Аль Тани сүйлөшүү өткөрдү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө "Газадагы жарандарды коргоо зарылдыгын жана аймакка гуманитардык жардамдын агымын көбөйтүү" темасын талкуулады.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, президент Байден менен Катардын эмири Шейх Тамим телефондук сүйлөшүүсүндө Газадагы абалды талкуулашты.

"Газадагы жарандарды коргоо зарылдыгы жана аймакка гуманитардык жардамдын агымын көбөйтүү" темасы каралган сүйлөшүүдө Байден Перс булуңу Кызматташтык Кеңешинин аймакка «колдоосуна» ыраазы экенин билдирди.

Байден Катардын эмири шейх Тамимдин, Хамастын колундагы туткундарды бошотуу аракетин жогору баалады жана эки лидер туткундардын «кечиктирбестен бошотулушу» керек деген пикирге келишти.

Президент Байден израилдиктер менен палестиналыктардын "тең туруктуулук жана кадыр-барк менен жанаша жашай ала турган" Палестина мамлекети жөнүндөгү көз карашын билдирген сүйлөшүүдө, эки лидер Жакынкы Чыгышта тынчтык, коопсуз, гүлдөп-өнүгүү жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу көз карашына карай аракеттерин уланта тургандарын айтышты.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израил армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Израиль 7-октябрдан бери 361иү аскер 1200 израилдиктин каза болгонун, 5 миң 132 кишинин жараланганын кабарлады.

Израилдин маалыматына караганда, Кассам бригадаларынын колунда 239 израилдик туткун бар.

Газадагы өкмөттүн маалыматына караганда каза болгондордун саны 11 миң 180ден ашты, алардын кеминде 4 миң 609у балдар, 3 миң 100ү аялдар.

Батыш Шериа жана Кудста да Израиль аскерлери жана жөөт тургундар 186 палестиналыкты өлтүрүштү.

Израиль армиясы Газада он миңдеген жарадарлар жана карапайым тургундар баш калкалан ооруканалардын негизги имараттарына сокку урду. Кол салууларда жүздөгөн адамдар каза болуп, жаракат алгандар бар.

8-октябрдан бери Израиль армиясы менен Хизбулланын ортосундагы кагылышууларда 73 Хизбулла мүчөсү жана 4 израилдик аскер каза болду.



Тектеш кабарлар