Пакистандын чыгышында абанын булганышынан улам мектептер жабылды

Чечим Пакистандын маданий борбору деп эсептелген Лахор эң булганган шаарлардын тизмесинин башында тургандан кийин кабыл алынды.

2062591
Пакистандын чыгышында абанын булганышынан улам мектептер жабылды


Пакистандык жетекчилер, өлкөнүн чыгышын каптаган жана он миңдеген адамды ооруткан уулуу тумандан улам мектептерди, базарларды жана сейил бактарды төрт күнгө жабуу чечимин чыгарды.

Чечим Пакистандын маданий борбору деп эсептелген Лахор эң булганган шаарлардын тизмесинин башында тургандан кийин кабыл алынды.

Дарыгерлер жарандарга беткап тагынып, үйдө болууну сунушташты. Көптөгөн адамдар жөтөл жана дем алуу кыйынчылыгын баштан кечиргени кабарланды.

Абанын булганышынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири деп эсептелген PM 2.5 же микроскопиялык бөлүкчөлөрдүн концентрациясы бейшемби күнү шаар боюнча 450гө жетти. Бул көрсөткүч "өтө зыяндуу" деп эсептелет.

Адистер өлкөдө күздүк буудай себүү мезгили башталганда талаа калдыктарын күйгүзүүнүн булгануунун негизги себептеринин бири экенин айтышат.



Тектеш кабарлар