Гондурас жана Гватемалада сел жүрдү

Гондураста нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүдөн 4 киши каза болду.

2061439
Гондурас жана Гватемалада сел жүрдү

Гондураста нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүдөн 4 киши каза болду.

Борбордук Американын Гондурас жана Гватемала өлкөлөрүндө дем алыштан бери жааган жамгырдан улам 68 миңден ашуун кишинин селден жабыркагандыгы  билдирилди.

Гондурастын Улуттук тобокелдик жана чукул кырдаалдарды башкаруу бюросу (Copeco) тарабынан жасалган билдирүүдө өлкөнүн 7 аймагында сары эскертүү жарыяланып, жогорку басым жана нымдуулуктун киришинен улам жамгырдын улана тургандыгы маалымдалды.

Өлкөдө ушул кезге чейин сел жана жер көчкүдөн 4 киши каза болуп, 42 миң киши жабырланды.

Гватемалада нөшөрлөп жааган жамгырдан улам дарыялар ташкындап, ондогон үйлөрдү суу каптады.

Кырсыктарды азайтуу боюнча улуттук координация бюросунун (Conred) билдирүүсүндө селден 26 миң кишинин жабыркаганы жана айрым жерлерде эвакуация иштеринин жүргүзүлгөнү белгиленди.

Өлкөдө 2023-жылдын башынан бери нөшөрлөгөн жаандан улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн жалпы 58 адам каза болду.

 

 



Тектеш кабарлар