Палестинадан Египетке чакырык

Палестинанын Байланыш жана маалымат технологиялары министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2058970
Палестинадан Египетке чакырык

Палестинанын байланыш жана маалымат технологиялары министри Исхак Седр, Египетти блокададагы Газа тилкесинин жанындагы байланыш станцияларын жана роумингди иштетүүгө чакырды.

Палестинанын Байланыш жана маалымат технологиялары министрлиги, Газа тилкесинде 5 күндүн ичинде экинчи жолу интернет жана байланыш линиялары үзүлгөндөн бир нече сааттан кийин социалдык тармактагы баракчасынан жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Газадагы Палестина эли менен байланышты калыбына келтирүү үчүн мүмкүн болгон бардык чечимдерди түгөткөндөрүн жана учурдагы бардык варианттарды карап жатышканын кабарлаган Министр Седр: «Мындан ары биз үчүн жалгыз чечим - Газа чек арасына жакын жерде байланыш станцияларын иштетүү жана Египет тармактарындагы роуминг кызматын активдештирүү аркылуу тез альтернатива берүү»,-деп айтты.

Египеттик жетекчилерге кайрылган Седр: «Ошондуктан биз Египеттеги бир туугандарыбызды байланыштын үзгүлтүккө учурашына чыдай албаган бул оор гуманитардык кырдаалдын алдында калган вариантты ишке ашырууну тездетүүгө чакырабыз»,-деди.

Палестинанын телекоммуникациялык компаниясы Paltel эртең менен Газа тилкесиндеги байланыш жана интернет линияларынын толугу менен өчүрүлгөнүн жарыялаган.

Израилдин блокададагы Газа тилкесине катуу кол салууларынан улам аймактагы стационардык, уюлдук телефон жана интернет байланыш кызматтары 27-октябрда толугу менен өчүрүлгөн.

Paltel компаниясы эки күндөн кийин Газада байланыш жана интернет кызматынын акырындык менен калыбына келтирилгенин билдирген.



Тектеш кабарлар