БУУ : Газада ооруканалар коргоого алынышы керек

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Газа тилкесинде ооруканалардын коргоо алынышы керектигин, кагылышуулар үчүн колдонулбай тургандыгын айтты.

2058285
БУУ : Газада ооруканалар коргоого алынышы керек

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Газа тилкесинде ооруканалардын коргоо алынышы керектигин, кагылышуулар үчүн колдонулбай тургандыгын айтты.

БУУнун катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк басма сөз жыйынында Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адхамон Гебрейесустун кагылышуу аймагындагы (Газа тилкеси) бейтаптарга зыян келтирбестен ооруканаларды эвакуациялоонун мүмкүн эместигин айтканын, баш катчынын да бул сөздөрдүн артында экендигин белгиледи.

«Баш катчы ооруканалардын атылышына каршы. Ооруканалар коргоого алынышы керек»,- деген Дужаррик ооруканалардын кагылышуу үчүн колдонулбай тургандыгын, ооруканалардагы кишилердин коргоого алынышы керектигин айтты.

Дужаррик БУУнун Газа тилкесинде гуманитардык ок атышпоо чакыруусун уланта тургандыгын жана бул багытта аракет кылууну уланта тургандыгын баса белгиледи.

Палестина маалымат агенттиги WAFA Газанын түндүгүндөгү Индонезия ооруканасы, Палестина Кызылайы тарабынан башкарылган Кудс ооруканасы, Газа Европа ооруканасы жана Түркия  -  Палестина достук ооруканасынын Изариль бомбалоолорунун бутасы болгондугун билдирген.

Хамастын аскердик канаты Кассам  бригадалары    7 -  октябрда Израилге «Акса топону» аттуу кол салуу баштаткандыгын жарыялаган.  

Израиль армиясы да буга карата аскердик учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаткандыгын билдирген.

Күч алган чыңалуудан эки тарапта тең чоң жоготуулар болду.



Тектеш кабарлар