Американын Ф - 16 флоту Жакынкы Чыгышка жетти

Жакынкы Чыгышта көп түрдүү аскердик бөлүктүн даяр күтүп жаткандыгын айткан Райдер азырынча эч биринин активдүү эмес экендигин белгиледи.

2055674
Американын Ф  - 16 флоту Жакынкы Чыгышка  жетти

Америка Кошмо Штаттарынын  Коргоо министрлиги (Пентагон) Жакынкы Чыгышка жөнөтүлгөн Ф - 16 флотунун АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) миссия аймагына жеткендигин жарыялады.

Пентагондун билдирүүсүнө караганда, CENTCOMдун кызмат аймагына жеткен Ф - 16 флоту, министрлик тарабынан аймакка мурда жиберилген коргонуу бөлүктөрү менен «аймактагы АКШ күчтөрүн коргоо үчүн» иштейт. 

Билдирүүдө 7 - октябрда башталган Израиль - Палестина кагылышуусуна көңүл бурулуп Иран колдогон топтордун Иракта да, Сирияда да АКШ күчтөрүнө кол салгандыгы белгиленди.

Пентагондун басма сөз катчысы генерал Пэт Райдер күнүмдүк пресс - жыйынында :  «Бул чабуулдарды жасаган топтордун Төңкөрүш  гвардиясы жана Иран режими тарабынан колдоого алынгандыгын билебиз",- деди. 

Жакынкы Чыгышта көп түрдүү аскердик бөлүктүн даяр күтүп жаткандыгын айткан Райдер азырынча эч биринин активдүү эмес экендигин белгиледи. 

Райдер Израиль - Палестина кагылышуусу башталгандан бери АКШнын максатынын аймактык кагылышуунун кеңейүүсүнө жол бербөө экендигин белгилеп, бул кагылышуу чөйрөсүн зомбулукту күчөтүү үчүн колдонууну каалаган өлкөлөрдү «мындай аракет кылбагыла» деп эскертти.

Хамастын куралдуу канаты Кассам бригадалары 7-октябрда эртең менен Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштады.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы аскердик учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген адам каза болду.

 

 



Тектеш кабарлар