Европа Биримдиги лидерлери бүгүн кечинде кезесиз жыйын өткөрүшөт

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Палестинада болуп жаткан окуялар боюнча лидерлерди онлайн жолугушууга чакырды.

2051938
Европа Биримдиги лидерлери бүгүн кечинде  кезесиз жыйын өткөрүшөт

Европа Биримдигинин лидерлери бүгүн кечинде Израиль - Палестина күн тартиби менен кезексиз жыйын өткөрүшөт.

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Палестинада болуп жаткан окуялар боюнча лидерлерди онлайн жолугушууга чакырды.

Чакырууда Эл аралык гуманитардык укуктун алкагында жарандарды коргоонун мааниси баса белгиленип, эки мамлекеттүү чечим сунушу кайталанды.

Газада жардамга муктаж жарандарга колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктери да айтылды.

Хамастын аскердик  канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирди.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы аскердик учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген курмандыктар бар.



Тектеш кабарлар