Путин Батышты коркутту

Бул тууралуу Путин «Россия» мамлекеттик каналына билдирди.

2051097
Путин Батышты коркутту

Орус президенти Владимир Путин эгер Батыш Орусия менен согушууну кааласа, «бул таптакыр башка согуш боло турганын» айтты.

Бул тууралуу Путин «Россия» мамлекеттик каналына билдирди.

Украинанын «контр-чабуулуна» токтолгон Путин: «Токтоп калган контр-чабуул толугу менен ийгиликсиз болду»,-деди.

Путин орус аскер бөлүктөрүнүн кармашуу линиясындагы позицияларын жакшыртканын билдирди.

Орусия менен Кытай кайрадан аскердик блок түздү деген дооматка байланыштуу Путин: «Биз муну көп жолу айтканбыз. Биз мындай аскердик жана саясий альянска бирикпейбиз. Муну америкалыктар кылып жатышат. Анын үстүнө алар союздаштарын Орусия жана Кытай менен мамилесин начарлатууга мажбурлап жатышат»,-деп айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинде Вашингтондун жана анын союздаштарынын Орусия жана Кытай менен бир убакта согушууга, анын ичинде өзөктүк жаңжал вариантын кароо сунушуна сереп салган Путин:«Эгер алар Орусия менен согушууну кааласа, анда бул таптакыр башка согуш болот. Эгерде негизги өзөктүк державалардын ортосундагы согуш тууралуу айта турган болсок, анда бул таптакыр башка окуя»,-деди.

Орусия менен да, Кытай менен да согушуу ыктымалдыгын «чанжырактык» деп сыпаттаган Путин мунун баарын олуттуу эмес деп эсептегенин жана бирөөлөрдү коркутуу үчүн күн тартипке чыгарылганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар