Путин:«Бул АКШнын кризисти чечүүнү монополизациялоого аракеттенген саясатынын ийгиликсиздиги»

Путин Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Судани менен борбор шаар Москвада Кремль сарайында жолугушту.

2049098
Путин:«Бул АКШнын кризисти чечүүнү монополизациялоого аракеттенген саясатынын ийгиликсиздиги»

Орусиянын президенти Владимир Путин Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу:«Бул АКШнын  Жакынкы Чыгыштагы кризисти чечүүнү монополизациялоого аракеттенген саясатынын ийгиликсиздигинин ачык-айкын мисалы»,- деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Судани менен борбор шаар Москвада Кремль сарайында жолугушту.

Жолугушуунун башында сөз сүйлөгөн Путин Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу баа берди.

Путин Жакынкы Чыгыштагы абалдын кескин начарлап кеткенин белгилеп: «Бул Жакынкы Чыгыштагы кризисти чечүүнү монополиялаштырууга аракеттенген АКШнын саясатынын ийгиликсиздигинин ачык-айкын мисалы»,- деп айтты.

АКШ Израилге да, Палестинага да алгылыктуу мунаса табууга кызыкдар эмес экенин, тескерисинче, өз оюн таңуулап жатканын билдирген Путин: «(АКШ) эки тарапка тең кысым көрсөтүп жаткан. Бул кысымды колдонуу менен АКШ ар бир жолу Палестина элинин түпкү кызыкчылыктарын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУКК) суверендүү Палестина мамлекети резолюцияларын ишке ашыруу зарылдыгын этибарга албай келген»,-деп айтты.

Владимир Путин Орусиянын позициясы карапайым калкка келтирилген зыянды азайтуу жана аны нөлгө түшүрүү экенин баса белгиледи.

Судани болсо Израиль-Палестина чатагына байланыштуу: «Бул Израилдин палестиналыктардын укуктарын тынымсыз бузуусунун, эл аралык коомчулуктун унчукпай калышынын жана БУУнун резолюциялары боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгынын натыйжасы. Азыр биз жаңы интифадага, палестиналыктардын козголоңуна жана алардын укуктарын бузууну токтотуу каалоосуна күбө болуудабыз»,-деп өз баасын берди.

Чыңалуунун күчөшүнүн «өтө кооптуу» экенине көңүл бурган Судани, карапайым калктын каза болгонун, жарандар жашаган жерлердин бомбаланганын жана булардын бардыгынын Газанын талкаланышына себеп болгонун айтты.

Араб жана мусулман өлкөлөрүнүн Газадагы абалдан жооптуу экенине көңүл бурган Судани, Орусия менен бирге БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн да Палестина калкынын укуктарынын тебеленишине бөгөт коюу жана Газада эмбаргону жоюу үчүн моралдык жоопкерчиликтүү экенин кошумчалады.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирди.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Чыңалуу күчөп кеткендиктен эки тараптан тең жүздөгөн курман болушту.



Тектеш кабарлар