БУУ: "Карабахтагы армян жарандарына карата зордук-зомбулук аныкталган жок"

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, БУУнун делегациясынын Азербайжан өкмөтүнүн чакыруусу менен дем алыш күндөрү Карабах аймагына жасаган сапары тууралуу маалымат берди.

2045314
БУУ: "Карабахтагы армян жарандарына карата зордук-зомбулук аныкталган жок"

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Карабахка барган БУУнун делегациясынын, армян жарандарына карата зордук-зомбулук көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу эч кандай далил таба албаганын жана аймактагы жарандык инфраструктуралардын бутага алынбагандыгын билдирди.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, БУУнун делегациясынын Азербайжан өкмөтүнүн чакыруусу менен дем алыш күндөрү Карабах аймагына жасаган сапары тууралуу маалымат берди.

Делегациянын аймактагы гуманитардык муктаждыктарды аныктоого аракет кылганын белгилеген Дюжаррик, делегацияда Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ), БУУнун Балдарга жардам Фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы (UNHCR) жана БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун (OCHA) өкүлдөрүнүн да бар экенин айтты.

Делегациянын Лачын жана Ханкенди шаарындагы чек ара бекетин текшергенин белгилеген Дюжаррик: «Делегация, армян жарандарына карата зомбулук көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу эч кандай далил таба албаганын жана аймактагы жарандык инфраструктуралардын бутага алынбаганын билдирди»,-деди.

Ооруканалар, мектептер, үйлөр, диний жана маданий борборлордун бутага алынбаганын, Азербайжан өкмөтүнүн кайрадан үзгүлтүксүз саламаттык сактоо кызматын көрсөтүү аракетин баштаганын белгилеген Дюжаррик, айыл чарба аймактарына жана жаныбарларга зыян келтирилбегенинин байкалганын маалымдады.

Дюжаррик делегациянын аймактагы армян коомчулугунун өкүлдөрү менен да жолугушканын билдирди.

Аймакта ишенимдин кайрадан түзүлүүсүнүн маанисин баса белгилеген Дюжаррик, бул үчүн бардык тараптардын аракет кылышы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар