Путин менен Ресиси Карабахтагы абалдарды сүйлөштү

Кремлден берилген маалыматка караганда,Россиянын президенти  Путин менен Ирандын президент телефон аркылуу сүйлөштү.

2042521
Путин менен Ресиси Карабахтагы абалдарды сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Ибрахим Реиси Карабахтагы абалды талкуулашты.

Кремлден берилген маалыматка караганда, Россиянын президенти  Путин менен Ирандын президент телефон аркылуу сүйлөштү.

Карабахтагы абалдар жана Азербайжан менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процесси талкууланган сүйлөшүүдө  маселелердин саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечилишинин мааниси баса белгиленди.

Тараптар Түркия, Россия, Иран, Азербайжан, Армения жана Грузиядан турган «3+3» аймактык кеңешме платформасынын ишин активдештирүү боюнча өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришкен сүйлөшүүдө Реиси Ирандын БРИКСка кошулуу арызына берген колдоосу үчүн Россияга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар