Ляйен Лампедуза аралына барат

Европа Биримдиги Комиссиясынын басма сөз катчысы Эрик Мамер социалдык медиадагы билдирүүсүндө фон дер Ляйедин эртең Италиянын премьер-министри Мелони менен Лампедузага бара турганын билдирди.

2038268
Ляйен Лампедуза аралына барат

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Италиянын премьер  - министри Жоржия Мелони менен бирге акыркы күндөрү көптөгөн мигранттар паромдор менен барган  Италиянын Лампедуза аралына барат.

Африкадан Европага өтүүдө Борбордук Жер Ортолук деңизиндеги мыйзамсыз миграция жолундагы Италиянын Лампедуза аралына жуманын башынан бери  7 миңден ашуун мыйзамсыз мигранттын баруусу жана аралдагы абалдын кыйындашы Италия менен Европанын негизги күн тартип беренеси болду. 

Европа Биримдиги Комиссиясынын басма сөз катчысы Эрик Мамер социалдык медиадагы билдирүүсүндө фон дер Ляйедин эртең Италиянын премьер-министри Мелони менен Лампедузага бара турганын билдирди.

Бүгүн эки саатка жакын убакыттын ичинде аралга  10 мигрант кемеси келип токтоду жана жалпысынан  502 мыйзамсыз мигрант келди. Аралга келгендердин арасында Камерун, Буркина - Фасо, Мали, Гвинея, Нигерия жана Сенегалдын жарандары бар.

1 - январь жана 15 - сентябрда  деңиз аркылуу өлкөгө барган мыйзамсыз  мигрант саны 127 миң 207 болду. Өткөн жылдын ушул эле  мезгилинде бул сан 66 миң 237 болгон.

Бул жылы өлкөгө барган мигранттардын көбүнүн Тунис жээги аркылуу баргандыгы  белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар