Газада жарылуу болуп 5 палестиналык каза болду

Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жарылуудан кийин Шифа ооруканасына 5 кишинин жаназасынын алып барылгандыгы, араларында абалы оор  25 жаралуунун бар экендиги белгиленди.

2037157
Газада жарылуу болуп 5 палестиналык каза болду

Газа тилкесиндеги чек ара тосмосунда  болгон жарылууда  5 палестиналык каза болду. 

Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жарылуудан кийин Шифа ооруканасына 5 кишинин жаназасынын алып барылгандыгы, араларында абалы оор  25 жаралуунун бар экендиги белгиленди.

Газанын зым тосулган аймагында ондогон  палестиналык жаштар митинг үчүн чогулушту. 

Израиль армиясынан берилген маалыматта акыркы сааттарда Газанын түндүгүндөгү чек ара тосмолорунун жакынында жүздөгөн палестиналыктын катышуусунда катуу толкундоолордун болгондугу билдирилген.

Окуя учурунда көп сандаган колдо жасалган жарылуучу заттын колдонулгандыгы жана гранаталардын айтылганы байкалгандыгы билдирилген маалыматта абалга кийлигишүү үчүн аймакка аскер жайгаштырылгандыгы билдирилген.

Билдирүүдө Газа тилкесинде израилдик күчтөргө кол салуу үчүн жарылуучу затты жардырууга аракет кылынгандыгы жана жардыруучу заттын Газа тарапта жарылуусу менен аймакта көп сандаган кишинин каза болуп жана жаралангандыгы белгиленди. Окуяда  Израиль күчтөрүнүн арасында жоготуунун болбогондугу билдирген. 

Газадагы саламаттыкты сактоо министрлиги кечээки билдирүүсүндө Израил армиясынын Газа чек арасындагы митингчилерди таратуу үчүн резина ок жана көздөн жаш агызуучу газ бомбаларын аткандыгы маалымдалган. 

 



Тектеш кабарлар