Газада нөшөрлөгөн жамгыр селдин жүрүшүнө себеп болду

Палестина Метеорология башкармалыгы аймактагы ыңгайсыз аба ырайы тууралуу коомчулукту эскертти.

2036919
Газада нөшөрлөгөн жамгыр селдин жүрүшүнө себеп болду

Израиль оккупациясы астындагы Газа тилкесинде кечээ түнү үзгүлтүксүз бир нече саат жааган жамгыр селдин жүрүшүнө себеп болду. 

Жамгыр жаашынан улам Газа тилкесинин түрдүү аймактарында айрым үйлөр менен жолдорду суу басты. 

Газадагы Палестина жарандык коргоо бөлүгүнүн катчысы Махмуд Басил топтордун түндөн бери катуу жааган жамгырдан улам сел кирген үйлөрдө куткаруу иштерин, сынган дарак бутактарынын көзөмөлү сыяктуу бир топ иштерди  аткарылганын билдирди.

Адистер Ливияда болгон андан кийин Египетте катуу болгон "Даниел" бороонунун Палестина жерлерине да таасирин тийгизе баштагандыгын маалымдашты. 

Метеоролог Кусай ел-Халайика социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө аба ырайынын температурасы төмөндөп, жамгыр жааган Палестинада туруксуз аба ырайынын өкүм сүрүп жатканын белгиледи.

Палестина Метеорология башкармалыгы да аймактагы ыңгайсыз аба ырайы тууралуу коомчулукту эскертти.

 

 



Тектеш кабарлар