Евробиримдиктен Грецияга каржылык колдоо

Урсула фон дер Ляйен Франциянын Страсбург шаарында Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен биргелешкен пресс-конференцияда сөз сүйлөдү.

2036414
Евробиримдиктен Грецияга каржылык колдоо

Европа Биримдиги (ЕБ) табигый кырсыктардан улам Грецияга 2 миллиард 250 миллион еврого чейин колдоо көрсөтөт.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европарламенттин Башкы ассамблеясынын сессияларына катышуу үчүн барган Франциянын Страсбург шаарында Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен биргелешкен пресс-конференцияда сөз сүйлөдү.  

Грециядагы өрттүн өлкөдө катталган эң кыйратуучу апаат экенин жана андан кийинки селден өлкөнүн чоң бөлүгүнүн жабыр тартканын баса белгилеген фон дер Ляйен, ЕБнин грек элинин жанында болоорун айтты.

Фон дер Ляйен Мицотакис менен келтирилген зыянды жоюу үчүн өлкөгө бериле турган каражаттар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн айтып, Евробиримдик комиссиясы жардам жеткирүүдө тез жана ийкемдүү иш алып барарын убада кылды.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы, Грецияга жалпы 2 миллиард 250 миллион евронун тегерегинде колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Фон дер Ляйен, булардан тышкары мүчө өлкөлөрдүн макулдашуусу менен Грециянын сураган Тилектештик фондунан да жардам ала ала турганын, бул учурда келерки жылга чейин 400 миллион еврого жакын жардам менен колдоого алынарын белгиледи.

Мицотакис да Евробиримдиктин Кеңешин Тилектештик Фонду темасында көндүрүүнү өзүнүн жеке миссиясы кылаарын айтты.



Тектеш кабарлар