Грециядагы селде 10 киши каза болду

Куралдуу күчтөр катышкан издөө - куткаруу иштеринде  аймактан 2 миңге жакын киши куткарылды.

2035011
Грециядагы селде  10 киши каза болду

Грецияда нөшөрлөгөн жамгыр жана селден улам каза болгондордун саны 10го жетти.

Климат кризиси жана жарандык коргоо министри Василис Кикилиас өзгөчө Пинио дарыясынын ташкынынан улам көп айылдын суу астында калгандыгын белгиледи.

Шейшембиден бери селден каза болгондордун саны 10го жеткенин жарыялаган Кикилиас 4 кишинин дайынсыз жоголгондугун белгиледи.

Кикилиас издөө - куткаруу иштери жана айылдарда калгандарга азык - түлүк жана суу жеткирүү үчүн аймакта 20 тик учактын иштеп жаткандыгын айтты.  

Куралдуу күчтөр катышкан издөө - куткаруу иштеринде  аймактан 2 миңге жакын киши куткарылды.

Пинио дарыясынын ташкынынан улам аймактагы суунун деңгээли 9 метрге жетти. 

Аймакта суу жана электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, суу ташкынынан улам  Волостун суу жана канализация системасы чоң зыянга учурагандыктан  жарандар  ичүүчү суу тартыштыгына дуушар болууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар