Кытайдын төрагасынын G20 саммитине катышпай турганына Байден сереп салды

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нинг борбор шаар Пекинде күнүмдүк маалымат жыйынында өлкөсүн саммитке премьер-министр Ли Чангдын өкүлдүк кыла турганын жарыялады.

2032957
Кытайдын төрагасынын G20 саммитине катышпай турганына Байден сереп салды

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 9-10-сентябрда Индиянын борбору Нью-Делиде өтө турган Чоң жыйырмалыктын (G20) лидерлеринин саммитине катышпайт.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нинг борбор шаар Пекинде күнүмдүк маалымат жыйынында өлкөсүн саммитке премьер-министр Ли Чангдын өкүлдүк кыла турганын жарыялады.

Чоң жыйырмалыкты глобалдык экономикалык жана каржылык кызматташтыктын маанилүү форуму катары көргөндөрүн белгилеген Мао, бул жолу премьер-министр Ли Чангдын саммитте Кытай делегациясын жетектей турганын белгилеп, Чоң жыйырмалыктын эл аралык экономикалык кызматташтык жана глобалдык өнүгүүдөгү ролуна басым жасай турганын айтты.

Си Цзиньпин 2008-жылдан бери жыл сайын үзгүлтүксүз өткөрүлгөн  G20 лидерлеринин саммит жыйындарына жеке катышпаган биринчи Кытайдын төрагасы болот.

Маалымат катчысы Мао, Кытайдын саммиттен күтүүлөрүнө байланыштуу, «Дүйнөлүк экономикада кысымдар сезилип, өнүгүүдө жаңы чакырыктар пайда болуп турганда G20 экономиканы калыбына келтирүү жана туруктуу өсүш үчүн консенсуска жетишип, жалпы гүлдөп-өнүгүүнүн кабарын берет деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Ошол эле учурда АКШнын президенти Жо Байден Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Нью-Делиде өтө турган Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин саммитине катышпай турганына  «капаланганын» билдирди.

Америкалык маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда, Делаверде басма сөз өкүлдөрүнө сүйлөгөн Байден, Си Цзиньпиндин Индиянын төрагалык мөөнөтүндө быйыл 9-10-сентябрда өтө турган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине катышпай турганына байланыштуу, «Көңүлүм калды, бирок аны менен кийин жолугам»,-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар