НАТОнун Украина тууралуу билдирүүсү...

НАТОнун расмий өкүлү, НАТОнун баш катчысынын кабинетинин директору Стиан Йенссендин норвегиялык басма сөздө «Украина өз аймагынын бир бөлүгүн Орусияга берүү менен НАТОго мүчө боло алат» деген сөздөрүнө баа берди.

2025200
НАТОнун Украина  тууралуу билдирүүсү...

НАТО Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын жана бул маселе боюнча позициясынын өзгөрбөгөнүн билдирди.

НАТОнун расмий өкүлү, НАТОнун баш катчысынын кабинетинин директору Стиан Йенссендин норвегиялык басма сөздө «Украина өз аймагынын бир бөлүгүн Орусияга берүү менен НАТОго мүчө боло алат» деген сөздөрүнө баа берди.

«НАТОнун позициясы так жана өзгөрүүсүз. Муну НАТОнун лидерлери июлда Вильнюс саммитинде дагы бир жолу кайталашканы сыяктуу биз Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн толугу менен колдойбуз»,-деп айткан жооптуу кызматкер сөзүн улап: «Украинага канча убакыт керек болсо да колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Биз адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө чечкиндүүбүз. Тынчтык качан жана кандай шарттарда ишке ашарын Украина чечет»,-деди.

Жооптуу кызматкер: «Согуш кайталанбашы үчүн коопсуздук чаралары керек экени түшүнүктүү», - деп өз баасын берди.

Норвегиянын Verdens Gang (VG) гезитинин кабарына караганда, НАТОнун башкы катчысынын кабинетинин директору Йенссен Арендал шаарында өткөн жыйында Украинанын бир бөлүгүн Орусияга берүү менен НАТОго мүчө боло аларын айткан.

Бул жоромолунун НАТОнун көз карашыбы деген VGнын суроосуна Йенссен: «Мен мындай болушу керек деп айткан жокмун. Мен бул мүмкүн болгон чечимдердин бири болушу мүмкүн деп айтып жатам»,-деп жооп берген болчу.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянс Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын, ага мүчө болуу согуштан кийин гана мүмкүн болорун жана тынчтыкка кандай шарттарда жетишээрин Украина чечээрин көп кайталап келет.



Тектеш кабарлар