Япония Түндүк Кореяга нааразылык билдирди

Япониянын коргоо министри Хамада Ясуказу Түндүк Кореянын бүгүн эртең менен учурган баллистикалык ракеталарынын ар бири абада эң көп 600 километрге жеткенин жана 50 километр бийиктикке жете ала турганын билдирди.

2013312
Япония Түндүк Кореяга нааразылык билдирди

Япония Түндүк Кореяга бүгүн эртең менен эки баллистикалык ракета учурганы үчүн нааразылык нотасын берди.

Япониянын коргоо министри Хамада Ясуказу Түндүк Кореянын бүгүн эртең менен учурган баллистикалык ракеталарынын ар бири абада эң көп 600 километрге жеткенин жана 50 километр бийиктикке жете ала турганын билдирди.

Ракеталардын Корея жарым аралынын чыгышындагы Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынын сыртына түшкөнүн белгилеген Хамада: «(Ракеттер) туура эмес траекторияда учуп кеткен болушу мүмкүн. Талдоо уланууда»,- деди.

Түндүк Кореяга нааразылык нотасынын берилгенин белгилеген Хамада ракеталар түшкөн аймакта багыт алган аба жана деңиз элементтеринде эч кандай зыяндын байкалбаганын белгиледи.

Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Мацуно Хироказу өз билдирүүсүндө ракеталык сыноолор Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларын бузганын жана аймактагы элдердин коопсуздугуна коркунуч келтиргенин белгиледи.

Жапониянын мамлекеттик телеканалы NHK Түндүк Кореянын баллистикалык ракета технологиясын колдонуу менен быйыл 13-ракеталык сыноосун өткөргөнүн билдирди.

Түштүк Кореянын Башкы штабы билдирүүсүндө ракеталардын борбор калаа Пхеньяндын Сунан аймагынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:30 жана 03:46да учурулганын тастыктады.



Тектеш кабарлар