Украина - Россия кол салуулары

Украинанын Түштүк операциялык командирлиги орустардын Украинанын түштүгүнө  ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараты менен жасалган кол салуудан улам Одесса аймагындагы порттун зыян тарткандыгын билдирди.

2013015
Украина  - Россия кол салуулары

Украинанын Түштүк операциялык командирлиги орустардын Украинанын түштүгүнө  ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараты менен жасалган кол салуусунан улам Одесса аймагындагы порттун зыян тарткандыгын билдирди.

Командирликтин соцтармактан берген жазуу түрүндөгү маалыматында кечээ түнү орус армиясынын Украинанын түштүк аймактарына ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу жасагандыгы белгиленди.

Кара деңиз тарабынан Одессага 6 Калибр ракетасынын атылгандыгы билдирилген маалыматта : «Бардык ракеталар абадан коргонуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды. Одесса облусунда 21 «Шахид» учкучсуз учак атып түшүрүлдү», - деп айтылды.  

Билдирүүдө жарылуу толкунунан улам порт инфраструктурасы жана көптөгөн үйдүн зыян тарткандыгы, жаракат алган бир кишинин  ооруканага жеткирилгени баса белгиленди.

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн командирлигинен берилген маалыматта кечээ кечинде орустардын 6 Калибр ракетасы жана 36 учкучсуз учак менен Украинага түштүктөн кол салганы жана бардыгынын жок кылынганы белгиленди.

Россиянын Коргоо министрлиги да Украинанын Одесса жана Николаев шаарларында Россияга каршы «террордук кыймылдар даярдалып жаткан» объектилерге жогорку тактыктагы ракеталар менен жооп ирээтинде чабуул жасаганын жарыялады.

Министрликтен берилген маалыматта пландалган бардык буталардын атылгандыгы белгиленди.

Бир тараптан Россия мыйзамсыз аннексиялаган Крымга түнү Украина тарабынан жасалган 28 учкучсуз учуучу аппараттар менен жасалган кол салуунун бөгөт коюлгандыгы билдирилди.

Россиянын Коргоо министрлигинен берилген маалымата учкучсуз учуучу аппараттарынын максатына жетпестен атып түшүрүлгөндүгү маалымдалды.

Маалыматта : «Бөгөт коюлган террордук кол салуунун натыйжасында  каза болгондор  жана кыйроолор болгон жок»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар