Кытайдан АКШга «Тайвань» нотасы

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нинг маалымат жыйынында «АКШ менен Тайвандын ортосундагы ар кандай расмий байланышка каршы экендиктерин» билдирди.

2012897
Кытайдан АКШга «Тайвань» нотасы

Кытай Тайвандын азыркы вице-президенти жана лидерлик жарышта талапкерлердин бири Лай Чинг Тенин келерки айда боло турган АКШга  сапарына байланыштуу Тайванга нааразылык нотасын берди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нинг маалымат жыйынында «АКШ менен Тайвандын ортосундагы ар кандай расмий байланышка каршы экендиктерин» билдирди жана бул сапар үчүн АКШга нааразылык нотасы берилгенин белгиледи.

Тайвандагы «сепаратист» лидерликке талапкердин пландалган сапарына байланыштуу окуялардын кылдаттык менен байкала турганын белгилеген Мао, өлкөнүн улуттук эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн чечкиндүү жана күчтүү чаралар көрүлөөрүн айтты.

Мао: «Биз Тайвандагы көз карандысыздыкты жактагандардын Америка Кошмо Штаттарына кандай гана ат менен болбосун жана кандай себеп менен болбосун визитин чечкиндүү түрдө четке кагабыз жана АКШнын бул сепаратисттерге жана алардын сепаратисттик аракеттерин көрмөксөнгө салуусун жана колдоосун кескин түрдө четке кагат»,-деди.

Талдоочулар Лайдын январга белгиленген Тайвандын лидерин шайлоодо эң сүйүктүү талапкер болушунун себебинен сөз болгон АКШ сапары «символикалык» экени божомолдонууда.

Кытай Тайвандын лидери Цай Ин-вэн Цай менен вице-президент Лайды «сепаратисттер» катары көрүп, алар менен байланышуудан баш тартууда.

Лайдын АКШга боло турган сапары тууралуу эч кандай маалымат берилбесе да, Тайвандын тышкы иштер министринин орун басары Александр Тах-рай Юи бул сапар «өткөн жылдарда Түштүк жана Борбордук Америкага болгон сапарларда белгиленген прецеденттерге ылайык пландаштырыла турганын жана АКШ транзиттик аялдама болоорун» айтты.



Тектеш кабарлар