Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву Европа өлкөлөрү менен карым - катнаштар тууралуу билдирди

Ву Тайвандын Европа өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерин чыңдоо максатында Прага, Брюссел жана Миланда жолугушууларды өткөрдү.

2001742
Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву Европа өлкөлөрү менен карым  - катнаштар тууралуу билдирди

Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву Европа өлкөлөрүнүн өнүккөн микрочип технологияларын импорттоо үчүн өлкөсү менен карым  - катнаштарды жакшыртуу талаптарын четке кага албай тургандыгын айтты.

Politicoго  маек курган министр Ву микрочип өндүрүүчүсү "Тайвань жарым өткөргүч өндүрүш компаниясынын" Европада  ишкана ачуусу тууралуу баа берди.

Ву Тайвандын Европа өлкөлөрү менен дипломатиялык карым  - катнаштарын чыңдоо максатында Прага, Брюссел жана Миланда жолугушууларды өткөрдү.

Тайвань өкмөтүнүн компания менен Европанын ортосундагы келишимдерге жана инвестицияларга кийлигишпей тургандыгын белгилеген Ву бирок Европанын өзгөчө да Германия аралдан келген микрочип технологияларын импорттоону каалай турган болсо Тайвандын Европа менен дагы жакшы карым  - катнаштарды куруу талабын көрбөстүккө сала албай тургандыгын баса белгиледи.

Ву Европанын Тайвандын геополитикалык абалы жана Кытай менен маселелер тууралуу сезимталдуу болууларын ойлогондугун айтып : «Европа Тайвань менен экономикалык же башка карым  - катнаштардын өнүгүшүндө чоң картинаны көрбөй жатат»,- деди.

Европа Парламентинин спикеринин орун басары Никола Бир 17-июнда Брюсселде Ву менен жолугушкандан кийин Твиттердеги постунда Тайванды "демократиялык үй-бүлөнүн мүчөсү" деп мүнөздөгөн.



Тектеш кабарлар