Эквадордо куралдуу кол салуу: 5 киши каза болду

Каза болгондордун арасында бир полиция кызматкери менен бир аялдын бар экени кабарланды.

1995851
Эквадордо куралдуу кол салуу: 5 киши каза болду

Эквадордо бир үйгө куралдуу кол салуудан 5 киши каза болуп, 8 киши жараланды.

Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, мотоцикл айдаган куралчан кишилер Гуаякил шаарынын Тринитария районундагы үйгө тинтүү жүргүзүшкөн.

Куралдуу кол салууда үйдөгү 5 киши каза болуп, 8 киши жараланды.

Каза болгондордун арасында бир полиция кызматкери менен бир аялдын бар экени кабарланды.

Окуяга күбө болгондордун көрсөтмөлөрүнөн кол салууну мотоциклдеги 3 кишинин жасаганы белгилүү болду.

Аймакка көп сандаган коопсуздук күчтөрү жөнөтүлдү.


Этикеткалар: #куралчан кишилер

Тектеш кабарлар