Вагнердин Малидеги лидерине санкция салынат

АКШнын орус коопсузук компаниясы Вагнердин Малидеги лидерине санкция сала тургандыгын билдирди.

1991400
Вагнердин Малидеги  лидерине санкция салынат

АКШнын орус коопсузук компаниясы Вагнердин Малидеги лидерине санкция сала тургандыгын билдирди.

АКШнын Казына министрлигинен берилген маалыматта Вагнер тобунун Малидеги лидери Иван Масловго санкция салууга негиз катары «Кремлдин Украинадагы орус күчтөрүнө курал өткөрүү үчүн Батыш Африка өлкөсү Малини колдонуусу» көрсөтүлдү.

Билдирүүдө Масловдун Украинадагы орус күчтөрүнө жеткирүү үчүн чет элдик камсыздоочулардан мина, учкучсуз учуучу аппарат жана түрдүү курал системаларын сатып алууга аракет кылгандыгы маалымдалды.

АКШнын бир өлкөнүн Вагнер тобу аркылуу Россияга жардам берүү аракетине каршы экендиги баса белгиленген билдирүүдө : «Вагнер тобу Малидеги иш-аракеттери менен бирге Украинада колдонула турган аскердик жабдууларды алуу аракетин жашырууга аракет кылууда»,- деп айтылды.

Билдирүүдө  көз караштарына орун берилген Каржы министрлигинин Терроризм жана каржылык чалгындоо боюнча кеңешчиси Брайан Э.Нельсон : «Санкциялар Вагнер тобунун глобалдык операцияларын колдогон негизги жетекчинин аныкталышын жана үзгүлтүккө учурашын билдирет»,- деди.

Нельсон Африка континентиндеги Вагнер тобунун аймактагы өлкөлөр үчүн туруктуулукту бузуучу элемент экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар