Берлинде 1-майда баш аламандык болду

Полиция митингге 12 миң киши катышканын айтса, демонстрациянын уюштуруучулары бул сандын 20 миң экенин билдиришти.

1981553
Берлинде 1-майда баш аламандык болду

Германиянын борбор шаары Берлинде 1-Май Эмгек жана тилектештик күнүнө карата солчул топтор уюштурган митингде полиция менен демонстранттардын ортосунда баш аламандык болду.

Нойкёлн районундагы Боддин көчөсүнө чогулган миңдеген адамдар андан кийин Кройцберг районундагы Ораньен аянтына карай жөө жүрүш өткөрүштү. Митингде демонстранттар полицияга каршы ураандарды кыйкырышты.

Демонстрациянын уюштуруучулары, Котбуссер Тор аянтына келгенде полициянын көптүгүнөн улам жүрүштү эрте аякташты.

Андан соң полиция менен демонстранттардын ортосунда баш аламандык болду. Полиция көптөгөн демонстранттарды кармап кетти.

Митинг учурунда 6 миң 300 полиция кызматкери иштеди.

Полиция митингге 12 миң киши катышканын айтса, демонстрациянын уюштуруучулары бул сандын 20 миң экенин билдиришти.



Тектеш кабарлар