Япониянын премьер - министри Кишида сүйлөп жатканда жарылуу үндөрү угулду

Кишиданын окуя болгон жерден жаракат албастан чыгарылгандыгы маалымдалды

1975251
Япониянын премьер  - министри Кишида сүйлөп жатканда жарылуу үндөрү угулду
japon kisida fumio.jpg

Япониянын премьер  - министри Фумио Кишида сүйлөп жаткан учурда жарылуу үнү угулду. Кишида аймактан  чыгып бара жатканда бир шектүү кармалды.

Премьер  - министр Кишиде жергиликтүү кеңешке шайлоо кампаниясы үчүн барган Вакаямада бийликтеги Либерал демократ партиясынын  талапкеринин кампания иштерине катышты.

Кишиде Либерал демократ партиясынын талапкери менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30 чамаларында аймактагы Саиказаки балыкчы портуна жакын жерде жолугушуп, кампания процесси тууралуу сүйлөштү.

Япон премьер  - министри сөз сүйлөгөндөн мурда турган жеринде жарылуу үнү угулду. Кишиданын окуя болгон жерден жаракат албастан чыгарылгандыгы маалымдалды.

Жергиликтүү медиа жарылуу үнүнүн Кишида турган жерге атылган түтүк сыяктуу жана түтүн чыгарган бомба болушу мүмкүн деген божомолду билдирди.

 

 

 



Тектеш кабарлар