Евробиримдик Орусияга уурдалып кеткен украиналык балдарды табуу маселесине көңүл бурат

Евробиримдик комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европарламенттин (ЕП) Башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөдү.

1967250
Евробиримдик Орусияга уурдалып кеткен украиналык балдарды табуу маселесине көңүл бурат

Евробиримдик Орусияга чыгарылып кеткен украиналык балдарды табуу маселесине көңүл бурат.

Евробиримдик комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европарламенттин (ЕП) Башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөдү.

23-24-мартта өткөн Евробиримдиктин Лидерлер саммитинин жыйынтыгын баалаган фон дер Ляйен, Украина үчүн биргелешкен сатып алуулардан жана 1 миллион артиллериялык снаряд берүүнү пландоодон тышкары дагы туруктуу колдоо үчүн өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

«Украинаны кандай болсо да колдойбуз» деген Ляйен саммитте лидерлердин Украина күн тартибинде караган эң маанилүү темаларынын бири Орусия тарабынан уурдалган балдар болгонуна көңүл бурду.

Фон дер Ляйен 16 миң 200 баланын Украинадан Орусияга депортацияланганын билдирип: «Алар үй-бүлөсүнөн, балалык чагынан ажыратылды. Биз бул маселеде активдүү болбосок алар келечегинен да ажырап калышат», - деди.

Эл аралык кылмыш соту (ICC) Украинада жасалган кылмыштарды иликтөөнүн алкагында 18-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиянын Балдар укуктары боюнча комиссары Мария Алексеевна Львова-Белованы украиналык балдарды уурдоо кылмышы үчүн камоого ордер чыгарганына көңүл бурган Ляйен: «Бул чечим менен Путиндин дүйнөсү бир аз кичирейди. Эл аралык кылмыш соту менен иштеген өлкөлөрдүн бирине барса түрмөгө түшүп калуу коркунучу бар»,-деп айтты.

Фон дер Ляйен: «Биз бул депортацияланган балдардын кайда экенин билүүгө аракет кылып, аларды алып келүү үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар